www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып, анын (журналисттин) “Раим Матраимовдун таасири кандай?” деген суроосуна жооп иретинде: “2019-жылдын жыйынтыгында америкалыктар жүргүзгөн иликтөө боюнча Раим Матраимов биринчи жолу саясатчылардын катарына 14% ишеним менен Кыргызстандагы алдыңкы 10 саясатчынын катарына кирип калыптыр. Бул элдин бир бөлүгүнүн оң пикири”,- деп айтып, бир аз так эместик кетиргенин билдирет. Саясатчы маалыматка тактоо киргизип, “Матраимов биринчи ондук эмес, биринчи жыйырмалыкка, жыйырманчы болуп кирген. Бул болгону элдин бир бөлүгүнүн пикири. Шайлоодо алардын партиясы канча пайыз алат, аны эл чечет жана убакыт көргөзөт”, - деп билдирди.

Эске салсак, “2019-жылдын жыйынтыгында Америкалыктар жүргүзгөн иликтөө боюнча Раим Матраимов биринчи жолу саясатчылардын катарына 14% ишеним менен Кыргызстандагы алдыңкы 10 саясатчынын катарына кирип калыптыр”, – деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости