www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата-Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев тагасы Өмүрбек Бабановдун көздөй жардамчысы, бизнестеги ишенимдүү адамы болуп жүрүп, 2015-жылдагы партиялык тизме менен парламенттин босогосун аттаган. Мирлан мырза мандат бактысына ээ болгон соң, кырдаалга жараша эки сүйлөгөндү мыкты өздөштүргөнүн баарыңар эде байкасаңар керек. Сөзүбүз куру болбош үчүн далил менен айталы.

2017-жылдын май айларында так ушул Жээнчороев парламенттик шайлоодогу босого чекти 7%дан 9%га көтөрүүнү демилгелеп: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 200 дөн ашуун партия бар. Алардын башчылары толкундануудан азап чегип ортосунда бириктирүүчү идеология жок. Босогону 9%га чейин жогорулатуу лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алып келет» деп айтканы бар.

Эми болсо баштагы сөзүн унутуп калганбы же кожоюнунан ушундай тапшырманы алганбы (?) айтор, «шайлоодогу босого чекти 7%дан 5%га түшүрүш керек» деп боорду эзип атат. Аны менен бирге Жээнчороев «Республика» партиясын колго алып лидер болду. Аны лидер катары элестете албай биз убарабыз.

Аныгында лидер, жетекчи деген бир сүйлөшү керек элс да, туурабы? Ишенген Мирлан Жээнчороевиңердин шайлоо боло электе сөзү эки ача чыгып жатса, анан кантип буларга ишеним болот? Адатта, сөзү эки чыккандар аламан жарышта «ташыркап» калышчу эле. Бабанов «кол баласынын» эмитен куйругун бурап, арыдан-бери кылып койбосо, партлидердин мындай жүрүшү менен шайлоодо жеңишти деле камсыз кылышы күмөн го? Курсагын көтөрө албай араң жүргөн неме партиянын ок жыгачын кантип сүйрөйт?! Же партиянын атын «Республика Токчулук» деп өзгөртсөк болчудай окшойт.

Булак: Де-Факто

Последние новости