Толкунбек Абдыгулов чакан насыя берүүчү топторго көз кырын салып койсо
Саясат  |   |  482

Өлкөдө эмне көп? Кичи насыя берүүчү топтор, каржылык булактар көп. Соңку убакта булардын саны күн санап өсүп, «иттин кара капталынан» болду. Олчойгон үстөк пайыз менен каржалып турган элге каражат бере коюп, кайра кактабай канын соруп аткандар так ушулар. Биз алардын айрымдарынын гана аттарын алдыңарга жайып берели.

«Салым», «Финка», «Инком», «АлмаКредит», «Береке-Кредит», «Тсз-Финанс-Кредит» аталышындагы не бир кичи насыя берген булактар бар. Булардын аттарын угуп эле кыргыздын «жаман иттин аты Бөрүбасар» деген макалындагы образга салыштырсаңар болот. Булардын санын кыскартса болбойбу, ыя?

Улуттук банк өлкөдөгү чакан насыя берүүчү мындай каржы мекемелерин көзөмөлгө алып, алардын элге берген насыяларынын үстөк пайыздарын ылдыйлатканга көмөктөшсө болот беле?

Каатчылык күн сайын алкымдан алып турганда, буларын элге азыркыдай олчойгон пайыз менен ийне берип, төө алгандай эле болуп жатышканы сокурга деле маалым да. Карапайым калкыбыз качанкыга чейин өлкөдөгү каржы булактарын тейлеген бир ууч топтун пайдасына тапкан-ташыганын бере бериши керек? Өкмөт ушул маселеге неге баш ооруткусу келбейт? Улуттук Банктын учугун чойгон Толкунбек Абдыгулов жуз миңдеген айлык акысына топук кылып отура бербей, убактысы боло калганда ушул маселеге деле көз кырын салып койсо деген тилек. Акыры мындай ыраатсыздыкка бирөө-жарым жооп бериши керек го?

Булак:Де-Факто

Поделитесь с друзьями