www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каргыш тийгир арак деген неме улуттук баалуулуктарыбыздын таш-талканын чыгарып бүтмөй болду. Жарандарыбызды туура жолдон адаштырып, аң-сезим, ден-соолугун талкалаганы аз келгенсип эми «аракбаш» бизнесмендер «Бакай», «Кошой» деген арак, «Семетей», «АлаТоо» аталышындагы коньяктарды чыгарышууда.

Башкасын айтпаганда дагы ыйык динибизде деле бу атың өчкүр арак-шарапты чыгаргандарга Жараткан катаал жаза берээри турган иш. А биздин алкомагнаттар жинди сууну чыгарганына канааттанбай, алардын ар бирине баатыр бабаларыбыздын ысымын ыроолоп жатышканы кайсы логикага сыят?

Арам дүйнөнүн айынан эт-бетинен кетишип бизнестин кызыкчылыгы үчүн улуттук духтагы баатырлардын ысымын жинди сууга ыроологондор Кудай-арбактан коркушпайбы? Эй, кичине ойлонушпайбы? Арак ичип, аны саткандар эле эмес, жинди сууну негиздеген кожоюндар акыретке чейин элс бул жалгандан жакшы болушпасын дал ушул бизнестин артынан түшкөндөрдүн мисалынан көрүп жатабыз го! Албетте, биз коомго коркунуч келтирген мындай көрүнүштү азырынча эл сынына коюу менен коңгуроо кагып турубуз. Эң болбоду дегенде, буларды мыйзам менен көзөмөлдөбөсөк болбойт го, ыя?

Булак: Де-Факто

Последние новости