www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска жол бербөө үчүн эмне кылуу керек?

Коронавируска каршы иммунитетти кармап турган үч негизги нерсе: толук кандуу уйку, физикалык кыймылдуулук жана туура тамактануу. Биринчиден, кыргыз эли бир аз жалкоорок уйкучул калкпыз, демек коронавирус бизге жолобойт. Экинчиден, акыркы мезгилдеги экономикалык тартыштыктардан улам жөө кыргыздар көбөйүп, физикалык кыймылдуулуктар күчөп баратат, коронавирус бизге жолобойт. Үчүнчүдөн, атка минерлерибиз эмнени болсо да жеп көнүп алышкан, коронавирусту деле элге өткөзбөй жеп коюшат, коронавирус бизге жолобойт. Төртүнчүдөн, коронавируска жол бербеген тамак-аштарды кыргыздар көп колдонот, коронавирус бизге жолобойт.  

Коронавируска каршы менюбузда жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган белок болууга тийиш. Жаныбар белоктору этте, балыкта, жумурткада, сүттө, айранда, эжигейде, быштакта, каймакта ал эми өсүмдүк белоктору – буурчакта, төө буурчакта, буудайда (нан), сулуда бар. Иммундук системанын ишине уйдун боору да жакшы таасир этет. Ошондой эле карагаттын, бүлдүркөндүн, клубниканын, алманын да вареньелери коронавируска каршы иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.

Коронавируска каршы иммунитетти бекемдөөдө витаминдер жана микроэлементтер зарыл болуп эсептелинет. Аларды дарыканалардан сатып албай, табигый жол менен алган жакшы. Мисалы, А витаминин сабизден, жүзүмдөн, көк чөптөрдөн алсак болот. Ал эми С витамини цитрус жемиштеринде, ит мурунда, клюквада, капустада көп. Е витаминин болсо күн карама, зайтун, жүгөрү майларынан ала алабыз. В тобунун витаминдеринин булагы болуп буурчак, дан өсүмдүктөрү, жумуртка, көк чөптөр жана жаңгактар эсептелинет. Микроэлементтерден болсо иммундук система үчүн организмге цинк менен селен керек. Цинк балыкта, этте, боордо, жаңгактарда, төө буурчакта жана буурчакта болсо, селенди кайра эле балыктан, деңиз жандыктарынан жана сарымсактан ала алабыз.

Тамеки менен спирт ичимдиктери иммунитетти жөн гана түшүрбөй, өлтүрөт. Андыктан тамеки тартууну таштоо керек же анын түтүнүнөн алыс болуу керек. Бирок спирт ичимдиктерине келгенде бир аз башкача. Кымыз коронавируска каршы иммунитет үчүн пайдалуу.

Кыргыз элинде башкасы жок болсо да, күлкүсү бар. Күлкү кан басымды төмөндөтөт, стресстен арылтат жана иммундук системаны бекемдейт. Мындан тышкары ал тамакка болгон табитти жакшыртат, холестериндин деңгээлин азайтат, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат.

Коронавируска каршы иммунитетти кармап туруш үчүн буларды жасаса болот:

1. 300 грамм тазаланган жаңгакты, 300 грамм кургатылган өрүктү, 300 грамм мейизди жана 3 даана лимонду кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрүп, ага 1 чоң кашык бал кошосуз. Бул аралашманы күнүнө чоңдор 1 чоң кашыктан, балдар 1 кичине кашыктан жеп турса болот. Аралашма муздаткычта сакталууга тийиш, коронавирус жолобойт.

2. 2-3 баш пиязды майда туурап, 200 грамм шекер менен аралаштырасыз. Үстүнө 0,5 литр сууну куюп, жай отто 1 саат кайнатасыз. Муздаган соң 2 чоң кашык бал кошуп аралаштырасыз. Тундуруп банкага куюп коёсуз да, күнүнө бир чоң кашыктан 3-5 жолу ичесиз, коронавирус жолобойт.

3. Чалкандын бир нече даана жалбырагынын үстүнө 0,5 литр кайнак суу куюп, 2 саат тыныктырып коёсуз. Тундуруп алып 50 граммдан күнүнө 3 маалдан ичесиз, коронавирус жолобойт.

4. Сабиздии кыргычтан өткөрүп, ага бал, лимон ширесин, майда тууралган кургатылган өрүктү кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы бир күндө бир нече кашыктан жеп турасыз, коронавирус жолобойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости