www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-март күнү Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ишканасынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.  

Анда мунай-газ тармагындагы каржылык-чарбалык ишинин негизги маселелери, ишкананын өткөн жылдагы жетишкендиктери жана 2020-жылдагы өнүгүүнүн стратегиялык планы талкууланды.

Акционерлердин чогулушуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов жана Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов катышты.

Ошол эле күнү Директорлор кеңешинин биринчи отурумунда, “Кыргызнефтегаз” АККнын башкармасынын төрагасынын орун басары болуп Рысалиев Таалайбек Кумашевич бир добуштан шайланды. Ал бул кызматта 2017-жылдын май айынан бери иштеп келет.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан Таалайбек Рысалиевге “кризис-менеджери” катары жогорку баа берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости