www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен Абдыбек Дюшалиев үй карантинге алынды. Алар парламенттин чакыруусу менен Германияга барып, бүгүн түнү кайтып келишкен. Бул тууралуу Аида Касымалиева жергиликтүү булактардын бирине билдирди.

Анын айтымында, ал өзүн жакшы сезип жатат.

“Бул сапар мурун эле пландаштырылган болчу. Мен ошол учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинен консультация алгам. Баары жакшы болчу. Биз Абдыбек Дюшалиев экөөбүз кийинчерээк учуп келишибиз керек эле. Бирок Кыргызстанга эртерээк келели деп чечтик. Бизди Германияда коронавируска текшеришти. Стамбулдун аэропортунда бизди текшерүүдөн өткөн жокбуз.. Белгилей кетсем, Бишкектен кылдаттык менен текшеришти.. Натыйжада эреже боюнча бизди 14 күнгө үй карантинине алышты. Эки жума бою мен үйдөн иштейм”,-деп Аида Касымалиева айткан.

Депутаттар менен кошо аларды коштоп барып, келген 14 адам дагы карантинге алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости