www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдо укук коргоо органдарын реформалоо кандай жүрүп жаткандыгы баардыгын кызыктырбай койбойт. Президент тарабынан санариптештирүүнү ар тарабынан өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу берилген тапшырмалар ИИМдин жетекчилигинин колдоосунда турат. ИИМ жүргүзүлүп жаткан реформаларга коомчулук кандай мамиле кылып жаткандыгын билүү үчүн белгилүү саясат таануучуларга кайрылган. Бул жолу ИИМдин басма сөз кызматы Игорь Шестоков менен маектешти.
--Игорь Альбертович, 2019-жылы жаңы кодекстер күчүнө кирип, “Коопсуз шаар” долбоору, Бишкек ШИИББдин Командалык борбору, Мониторинг борбору, калкка кызмат көрсөткөн “Бирдиктүү терезе” тутуму ишке кирип, жаңы Кайгуул милициясы иштей баштаган. Сиз ИИМди 2019-жылы аткарган иштерин кандай баалайт элеңиз?
--Өлкөдө жүрүп жаткан модернизациялоо, санарниптештирүү процесстери экономика чөйрөсүндө гана эмес, коомдук коопсуздукка дагы байланыштуу болуш керек. ИИМдин ишмердүүлүгүнүн максаты бул-мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо. Укук коргоо органдарынын бекем материалдык-техникалык базасы жок өлкөнүн экономикасы менен социалдык-саясий абал жөнүндө айтуу кыйын, анткени булар бири-бири менен байланыштуу. Социалдык тармактарда заманбап нормалар боюнча ИИМдин ишмердүүлүгүнүн деңгээлин көтөрүү боюнча сунуш-пикирлер бар. Ошондой эле, негизинен социалдык тармактар мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүчү, көзөмөлдөөчү жана баалоочу бул эл болуп саналат. Мен өзүм дагы социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болгондуктан, кайгуул милициясына талапкерлердин сынак менен өтүүсүн жалпы калайык калк жактырып, бул башка мамлекеттик органдар үчүн үлгү экендигин баары билүү керек.
Ал эми “Коопсуз шаар” долбоору жөнүндө айтсам, аны киргизүү менен автоунааны айдоо маданияты жогорулап, айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин сактооого жана аны үйрөнүшүп, эгер эрежени бузган болсо жоопкерчилик алышы мүмкүн экендигин түшүнүшүүдө. Муну менен баардык көйгөйлөр деле чечилип калган жок, дагы аны өнүктүрүп, республиканын ичине бул долбоорду киргизүү керек. Мындан башка дагы жогоруда аталган долбоорлордун ишке ашышы Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан өлкөнү санариптештирүү боюнча аткарууга берген тапшырмасын туура багытта аткарып жаткандыгын түшүнсөк болот. Бул бир тарабынан коррупция менен натыйжалуу күрөшүүдө мүмкүнчүлүк берсе, ал эми башка тарабынан өлкөнүн жарандарына заманбап кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт. Социалдык тармактардагы пикирлер боюнча мамлекеттик органдардагы, анын ичинен ИИМдеги тактамаларды алуу алда канча жеңилдетилди.
Негизинен алганда бул көйгөйлөр бир жылдын ичинде чогулуп калган жок, жана аны кыска убакыттын ичинде чечүүгө мүмкүн эмес. Баарыбыз байкап жаткандай, ИИМдин жетекчилиги министрликти ачык жана айкын кылууга аракет кылууда, бирок, ИИМдин ишинде дагы коомчулукка ачык чыгарууга мүмкүн болбогон айрым багыттары дагы бар. Бирок, ошого карабастан, ИИМдин Басма сөз кызматкерлери социалдык тармактарды активдүү колдонушуп, калк менен ыкчам байланышып, кайсы-бир окуялар боюнча өз коментарийлерин берүү менен жарандардын кайрылууларына жооп берүүдө. Бул дагы жакшы көрүнүш, муну мен мындан дагы системдүү кылууларына кеңеш берет элем.
Мен бир катар мисалдарды келтиргим келет, соцтармактарды колдонуучулары Кайгуул милициянын ишин оң баалашууда, айрым адамдар алардын ыкчамдуулугун, сый мамиле менен кайрылып жаткандарын айтышууда. Бирок, алардын дарегине сын-пикир дагы болот, ошону менен бирге Кайгуул милициясынин ишин оң баалашууда. Ошондой эле, ИИМге берилген каржылоону туура колдонуп жаткандыгын айтып кетүү керек. Каржылоо канчалык көп болсо, ошончолук көрсөткүч мыкты болот.
--ИИМ башка мамлекеттик органдар менен кызматташуусун сиз кандай бааладыңыз? Мисалга алсак, ИИМ диний экстремизмге, баңги кылмыштуулугуна, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө, ал эми башка мамлекеттик органдар аракет кылбай жатат же бул көйгөйлөргө жеткиликсиз көңүл бурууда.
--Диний экстремизмди жайылтуу маселелерин ИИМдин жана УКМКнын жардамы менен чечүү мүмкүн эмес. Бул жалпы коомдук көйгөй. Буга Казакстандын чек арасына чектеш районунун жанында болгон окуяны мисал кылууга болот. Ал жакта көп жылдар бою бул көйгөй топтолуп келген. Муну мамлекеттик түзүмдөр менен коомчулук бирге чечиш керек болчу. Мындай көйгөйлөрдү алдын алуу керек эле. Ал эми укук коргоо органдары өз милдеттерин аткарууда, бирок жазалоо ыкмасы менен мындай көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес. Бул жакта коомчулуктун колдоосу гана керек. Дин иштери боюнча, жаштар иштери боюнча мамлекеттик комитеттер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары иштөөсү абзел. Бизде болсо, Сирияга жалпы үй-бүлөө курмы кеткен учурлар болгон. Экстремизмге азгыргандар так, дыкат жана профессионалдуу иштешет. Мындай учурда өлкөдө миңдеп, жүздөп саналган жергиликтүү бийлик органдар, коомдук уюмдар кайда болушкан? Ошондуктан, коом дагы, башка мамлекеттик органдар дагы укук коргоо органдарына жардамга кол сунуп, мындай көрүнүштөргө каршы аракеттенүү үчүн жарандык жоопкерчиликти сезе билиши абзел.
--Баардыгыбызда өткөн жайда Кой-Таш айылында болгон окуя эсибизде калды. Коомчулукта милициянын аракети жөнүндө ар кандай пикирлер болгон эле. Бул окуяны иликтеген комиссия ИИМдин баардык чаралары мыйзамдуу болгон деген жыйынтыкка келди. Сиз бул окуяда милициянын ишин кандай баалайсыз?
--Кой-Таш окуясы-бул катардагы күндө болгон инцидент эмес, бул Атамбаев өзү саясатташтырган окуя. Мунун баардыгы ал ИИМдин тергөөчүсүнүн чакыруусуна келбей баш тартканынан башталган. Ал өзү президент учурунда мыйзам алдында баардыгы бирдей экендигин бир нече жолу билдирген. Ал өзүнүн акылга сыйсыз иш-аракети менен күбөдөн оор кылмышка шектелген айыпталуучуга айланды. Саясатташтырылган окуяларды өз өзүнчө фактыларга бөлүп кароо керек. УКМКнын кызматкери өлдү, ИИМдин кызматкерлери жаракат алышты, ал эми Атамбаевдин тарапташтыры жабыркаган жок. Кой-Ташта өз максаттарын ишке ашыруу үчүн башка күчтөр колдонуп кетүүгө мүмкүн болгон коомго зыян келтирүүчү абал жаралган эле. Ошондуктан, ИИМдин кызматкерлери бул коркунучтуу абалдан чыгуу үчүн аракеттерди көрдү. Мен жаран катары, саясат таануучу катары бир гана Атамбаевге суроо бергим келет: Куралдуу каршылык көрсөтүү үчүн эмнеге анын үйүндө көптөгөн куралдар болгон, ал өлкөнүн жараны катары милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына эмнеге баш ийген жок?
--Үй-бүлөөлүк зомбулук, балдарга карата жасалган зомбулук сыяктуу көйгөйлөр боюнча сиздин оюңузду билгим келет?
--Бул боюнча дагы кайра эле жоопкерчиликти милиция кызматкерлерине түртүп салуу туура эмес. Мен эксперт катары айткым келет, тышкы миграцияда жүргөн ата-энесин көрбөгөн балдардын бүтүндөй мууну өсүп келе жатат. Аларды көбү мектептерге барбайт, аларды көчө тарбиялайт, андан соң алар криминалдык топтордун катарына кошулат. Жыл сайын өкмөттө, парламентте жаңы жумуш орундарын түзүү жөнүндө аткарылбаган курулай сөздөр айтылууда. Адамдар жумуш издеп чет жакка кетип, балдары кароосуз калууда. Укук коргоо органдары алар укукбузганда гана алар менен жолугушат. Кыргызстандыктар качан гана кайсы өлкөгө барып иштейм деген ойдон арылганда гана үй-бүлөлүк зомбулук азаят деген ойдомун. Дагы 2019-жылы киргизилген жаңы мыйзам өтө либиралдуу. Казакстанды мисал кыла турган болсом, балдарга карата жасалган сексуалдык ыдык үчүн химиялык бычуу киргизилген. Бул туураа чечим деп эсептейм. Мындай көрүнүш үчүн өлүм жазасын дагы киргизүү ашыкча болбойт. Кылмышкерлер кандай гана кылмыш кылбасын, өмүрү сакталуу бойдон кала тургандыгын билишип, ойлоруна келген кылмыштарды жасашууда. Бизде бычуу көптөн бери айтылганы менен, аткарылбай куру сөз бойдон калып калууда. Ошону менен бирге укук коргоо органдары паракорлорду, зомбулук көрсөткөрдөрдү жана кылмышкерлерди кармоого аракет кылганы менен иш сотко өткөндө шарттуу түрдө кесилет же ишти жаап салышат. Президент Жээнбеков жакында соттордун ишин терс баалады. Адилеттүүлүккө эл ишенбегендиги тууралуу социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылууда. Гуманизациялоого багытталган жаңы мыйзамдар өлкөнүн чыныгы абалын чагылдырбайт. Биздин мыйзамдар донорлордун гранттык акча каражаттарына жазылат жана ал мыйзамдар Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүкүндөй болушу керек. Бирок, бул учурда биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы эске алынбоодо. Мындай либералдуу мыйзамдар Кыргызстандын шарттарына туура келбейт деп эсептейм. Биз тартипти бузгандар үчүн катуу эрежелер менен мыйзамдар бар коңшу Казакстандан үлгү алсак ашыкча болбос...
Булак: NazarNews.kg