www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул районунун аймагында “А” аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сатып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалыматтын негизинде, 2020-жылдын 11-март күнү Токтогул районунун Үч-Терек айылынан өтүүчү Бишкек-Ош жолунун жээгинен ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Токтогул районунун тургуну 1983-ж.т. Т.З. кармалып, жанынан 10 (он) даана скотчко оролгон абалда болжол менен 4 кг 633 граммды түзгөн наркотикалык баңгизатка окшогон каражат видео тасмага тартылып, тийиштүү кагаздардын негизинде оозу печатталып алынган.

Аталган факты Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.З. баңгизатын өзүнүн айылдашы Токтогул районунун тургуну 1965-ж.т. Т.Ж.дан алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, даярдоого керектүү болгон далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү жарандар КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости