www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адилет Султаналиев КР Премьер-министринин басма-сөз катчысы Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү кырдаал боюнча эмоционалдуу сөз сүйлөгөн Өмүрбек Текебаев менен кайым айтышып отурууну кереги жок деп эсептейт.

Текебаевдин мындай кадамдарын жакындап келе жаткан шайлоого байланыштырсак болот. Анын үстүнө мыйзам жагынан өзүнүн маселелерин чечип бүтө элек саясатчынын абалын дагы эске алышыбыз керек. Өмүрбек Текебаевдин “түкүрүкө болгон айыпты”, чет элдик студенттерди, жадагалса логистикалык борборду бир жерге үйүп салган логикасын дагы туура түшүнөбүз. Бизге белгилүү болгондой айрым саясатчылардын эс тутуму аябай эле кыска. Мисалы уран кени чыккан Кызыл-Омполго байланыштуу маселени Текебаев азыркы өкмөттүн кемчилиги катары көргөзүп жатат. Чын эле ушундайбы? Уранды чалгындоо иштерине уруксатты өкмөт 2013-жылы берген. Ал өкмөт Текебаев ошол учурда чоң роль ойногон көпчүлүк коалиция тарабынан түзүлгөн. Анда эмнеге унчукпай отурду эле? “Түкүрүкө” айып пул салуу боюнча жарандар менен талкуулабай туруп, кесиптештери чийки кодексти кабыл алып жатканда, эмнеге биз анын үнүн уккан эмеспиз? Элдер ошол учурда парламент кандай чечимдерди кабыл алып жатканы тууралуу билишкен да эмес. Учурдагы өкмөт шашылыш түрдө күчүнө кирген кодексти оңдоп-түзөп, көзөмөлдөө жана айып пул алуунун тартиптерин иштеп чыгуу боюнча аябагандай чоң жумуш аткарды. Азыркы өкмөткө мурдагылардан мураска калган, өлкө үчүн акырындап барып жарылган миналардын тизмесин уланта берсек болот. Биз шайлоо жакындап, айрым саясатчылар аргасыздан күчөп баштаганын түшүнүп турабыз. Белгилүү саясий оюнчулар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн премьер-министрди ар түрдүү кайым айтышууларга тартып, улам-улам “отставкага” кетире бергендигине коомчулук деле көнүп бүттү. Шайлоонун астында мындай аракеттер эки эселеп көбөйөөрүн дагы болжосо болот. Өкмөт башчысы мындай кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылат жана мурдагыдай эле, болгон көңүлүн эң негизги деп саналган күнүмдүк жумушка бурат. Иштин жыйынтыгы биринчи кезекте жарандарга сезилип, алардын баа бергени өкмөт башчы үчүн маанилүү.

Эске салсак, 22-февралда “Ата-Мекен" партиясынын жыйынында лидер Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп жатып: "Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда “бечел, шалтурук өкмөт” десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын-ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадыр-баркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул - коркунучтун жеткен чеги"-деп Өкмөттү катуу сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости