www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга жетишилди. 

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой тургандыктарын ырасташты. 

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери жана COVID-19 калкты коргоо боюнча тараптар аркылуу көрүлгөн чаралар, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости