www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухтар Өмүракунов «Замандаш» журналын, анын негизинде «Замандаш» партиясын түптөп бутунан тургузган. Арийне, мухитке барып жаш кезинде жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө узап кетти. «Замандаш» партиясы анын ишин улантып кала берди. Бирөө ыйлап жатса, бирөө ырдап жатат дегендей, Жеңиш Молдокматов сыяктуу «хамалеондордун» күнү кыбыладан чыга баштады. Мухтар Өмүракунов даярдап кеткен партиянын башына кантип жеткенин ким билет, түз эле жетегине алып ары-бери башкарып бура баштады. Алыска кетпей эле акыркы болгон окуяларды айталы. 2010-жылдын октябрында болгон парламенттик шайлоодо «Республика», «Замандаш» бийликтин ишенимдүү партиясы катары катышты, колунан келишинче добуш сатып алды.Бирок, жетишинчи добуш топтой албай калышты. Атамбаев камактан бошотулган соң «хамалеончо» түстөрүн өзгөртүшүп, бир сааттын ичинде атамбаевчил адамга айланышып, ал эмес 9-октябрда эч ким жок, жалгыз өзүн өзү башкарган партиясы «Замандаш» партиясы менен акчанын күчү менен кармалып турган «Республика» партиясы Атамбаевдик күчтөргө кошулуп, бийликти басып алууга умтулушту. Бул күчтөр жеңилип, Атамбаев камалган соң Бабанов экөө түсүн кайра «хамалеончо» өзгөртүшүп Садыр Жапаровдун алдында шыйпалаңдап калышты.

Уйлар үй жаныбары, бирок «тыйт» этип коюшкан уйду бададан кубалап чыгышат. Мухиттен каза таппаса Мухтар Өмүракунов  Молдокматовду «тыйт» эткен уйдай кубалап чыкмак беле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости