www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык Арлен Искендеров тогуз ай камакка жаткандан кийин кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.  

Адвокат Павел Литвиновдун айтымында, Ички иштер министрлигинин Фрунзенск башкармалыгынын тергөө иш-аракеттери Арлен Искендеровго кылмыш курамынын жоктугу боюнча ишти жапкан.   

«Башында жигитке каршы анын жердештеринин көрсөтмөлөрүнөн тышкары эч кандай далил болгон эмес. Ал сегиз ай камакта, дагы бир жарым жыл үй камагында болгон», - деди адвокат.   

Маалымат үчүн, 2019-жылдын 27-декабрында Бела Кун көчөсүндө белгисиз адамдар ок атуу менен Петербургдук аялдын сумкасын жана 230 миң рубль акчасын тоноп кетишкен. Шаардык полиция тоноочулук фактысы боюнча февраль айында Кыргызстандын төрт жаранынын сүрөттөрүн сыналгыдан көрсөтүп, издөөгө алышкан. Арлен Искендеровдон тышкары Нургазы Сарыков, Заирбек Дүйшө жана Бекболот Менишбай кармалып, камакка алынган. Айыпталуучулардан көрсөтмөлөр ыкчам кызматкерлери тарабынан күч колдонуу жолу менен алынган.Мисалга алсак, Арлен Искендеров менен чогуу кармалган Зайырбек Дүйшө кол салууну уюштурган, унааны башкарган дал Арлен болгонун айтып чыккан, бирок, кийинчерээк физикалык кысым астында маалымат бергенин айтып сөзүнөн баш тарткан. Искендеров ошондой эле көрсөтмөлөрдү андан да күч колдонуу менен аракет кылышканын айтып, бирок күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости