www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорго каршы борборлору КР МУКК уюштуруучулук колдоосу менен “Ыссык-көл-Антитеррор-2018” антитеррористтик машыгууларын уюштуруу жана  өткөзүү боюнча тренинг үлгүсүндөгү практикалык окууларды өткөздү.

Тренингде Азербайджан, Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Таджикистан жанаӨзбекистан өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана  атайын кызматтарынын, КМШ органдарынан – Чек ара аскерлеринин Командачыларынын кеңешинин, финансылык чалгындоо органдарынын жетекчилеринин кеңешинин, уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштын кооптуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун өкүлдөрү катышты.

Өткөрүлгөн иш-чаранын башкы максаты - “Ыссык-көл-Антитеррор-2018” машыгууларынын 1-этабында ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлерин бирдиктүү практикалык аракеттерге даярдоо болуп эсептелет.

Практикалык окуулардын жүрүшүндө машыгуулардын мазмуну жана тартиби каралып, Эл аралык террористтик уюмдардын жашыруун, иштебеген ячейкаларын аныктап, алардын ишмердүүлүгүн алдын алууда мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык карым-катнаш алгоритми иштелип чыкты.

Машыгуулардын катышуучулары машыгуулар учурунда жигердүү колдонула турган КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары менен укук коргоо органдары коллективдик түрдө колдонуп келген маалыматтык системаларынын арсеналдарын анализдеп чыгышты.

КМШ мүчө өлкөлөрдүн компетенттүү  органдарынын “Ыссык-көл-Антитеррор-2018”  бирдиктүү антитеррористтик машыгууларынын биринчи этабы ушул жылдын сентябрь айында жети мамлекетте, алар Армения, Беларусь, Казахстан, Россия, Таджикистан жана Өзбекистанда болуп, жыйынтыктоочу этабы Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости