www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муктаждык болмоюнча мамлекеттик тил өнүкпөйт

Бизде орус тилдүүлөр: “бизге мамлекеттик тилди оозго тамак салгандай кылып үйрөтүшүңөр керек. Биздин кыргыз тилин билбей жатканыбызга силер күнөөлүүсүңөр” дегенди адатка айландырып алышкан. Мындай пикирин журналист Мирлан Дүйшөнбиев билдирди.

"Буга чейин Жогорку Кеңештин трибунасынан мамлекеттик тилди жаштарга тийиштүү деңгээлде үйрөтүү үчүн 1-3-класстардан орус жана англис тилин окутууну алып салуу сунушу айтылды. Чындыгында бул адаттан сырткаркы нерсе эмес, андай көрүнүштөр дүйнөдө болуп келген. Алсак, Малайзияда, Уэльсте, Ирландияда англис тилин окутуу гана эмес, ал тилде көрнөк-жарнактарды жазууга бир нече жылга тыюу салып, аны бузгандарды эки жылга чейин эркинен ажыраткан учурлар болгон. Бизде мамлекеттик тилдин колдонулуу чөйрөсүн кеңейтип, өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте бул тилде сүйлөп, жазуу муктаждыгын калыптандырмайынча абал жакшы жагына сезилерлик өзгөрбөйт. Азыр мекеме, ишканаларда, министрликтерде жана ведомстволордо иш кагаздарын орус тилинде жүргүзгөн субьектилер дагы деле бар. Атүгүл трагикомедиялык, мимикриялык абалдагылары да кездешет. Айрымдарында документтер алгач орусча даярдалат да анан атайын штаттагы котормочу кыргызчага которот. Орусча документтерди даярдагандар да, которгондор да кыргыздар. Бул жагынан үлгү көрсөтө турган КУИАда деле абал ошондой. Ал жерде иштегендерден мамлекеттик тилге чындап күйүп бышкан бир жанды деле кездештире элекмин. Эч кимге ысык-суугу, практикалык пайдасы да жок аны-мунуларды  чиймелеп, эптеп айлык алышкандан башкага жарабаган андай академиянын кимге кереги бар, муну түшүнбөйм.

“Манастап” ураан чакырып, мекенчилдикке кандай одаларды арнабайлы, бизде чыныгы мекенчилдер, намыстуулар аз. Биздегидей көрүнүштү Кавказдагы республикаларда, кошуна Өзбекстан менен Тажикстанда элестетүүгө да мүмкүн эмес. Грузияда, Арменияда бир да орус тилиндеги мектеп жок, айрым мектептеринде гана орус класстары бар. Бирок, илим-билим, маданият жагынан бизден ат чабым алдыда. Орус тилине советтик мезгилде деле өзгөчө көңүл бурбаган, азыр 100 окумалынан 80-90у орусча дурустап сүйлөй деле албаган Өзбекстандын экономикасы дүркүрөп өнүгүүүдө. Эксперттердин болжолу боюнча, Өзбекстан жакынкы 15-20 жылда Азиянын “арстандарынын” бирине айланат. Муну айткандымдын себеби, бизде “киргиздердин”, шовинисттердин шыкагы менен орус тили экинчи планга сүрүлсө эле Кыргызстан илим-билимден сыртта калат, баарыбыз орусча сайрай баштасак эле дүркүрөп өнүгөбүз” деген демагогия таңууланып, жетекчилерибиз да андай комплекстерден чыга алышпагандыктан ушундай кейиштүү абалга туш болуп отурабыз.
Көз карандысыздыкка ээ болгонубузга 32 жыл болду, бирок тилдик өз алдынчалыкка жетише албай келатабыз. Орусташканы жагынан бизден кыйла алдыда болгон казактар азыр казакташуу жагынан бизден алга озуп, атүгүл латын арибине өтүп кетишти. Ал эми биз апендилердей бири-бирибизге мамлекеттик тилди билүүнүн, өнүктүрүүнүн зарылдыгын айтып отурабыз. Калкынын 80 пайызын түзгөн, дагы 10 пайызы кыргызча мыкты түшунгөн Кыргызстан үчүн бул-уят, шермендечилик десе да болот. Биз мындай жарамазандан чыкпай жатканда шаарларда орус тилдүү  мектептер көбөйүүдө. Россиянын өкмөтү тогуз аймагыбызга орус тилдүү дагы 9 мектеп ачканы жатат. Булардын баары мамлекеттин кийинки келечегине кесепетин тийгизе турган диверсиялык көрүнүшкө тете  процесс экенин ачык айталы. Эмне үчүн?

Адамдын биологиялык теги кайсыл этноско таандык болбосун кайсыл этностун тилинде сүйлөп, ойлонуп, маданиятына сугарылса, кийин ошол этноско таандык болуп калат. Орус мектептерди бүткөн жаштардын менталитети  кыргыз тилиндеги мектептерди аяктагандардан кескин айырмаланып, улуттук баалуулуктарга кызыкпай калышарын көрүп эле жүрөбүз. Дагы бир байкаганыбыз, кыргыз тилинде окугандар ата-бабаларын барктап, кээде ашыкча даңктаганга аракет кылышса, орус мектептерди бүткөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүнүн андай нерселерге таптакыр ынтаа-ыкластары болбой калат экен. Улуттук маданиятыбыздын, илим-билимибиздин  сыймыгын түзгөн даңазалуу адамдардын балдарын, неберелерин, чөбөрөлөрүн эле алалы,  алардын басымдуу көпчүлүгү  аталарынын, чоң аталарынын рухий мурастарына деле кызыгышпайт. Атактуу акын-жазуучулардын урпактары чоң ата, чоң энелеринин эмнелерди жазганын  деле билишпейт. Мен 15  жылдык журналисттик ишимде андайлардын көбүн жолуктурдум, чоң аталарынын китепканаларын макулатурага тапшыргандарын да көрдүм.

Бизде орус тилдүүлөр: “бизге мамлекеттик тилди оозго тамак салгандай кылып үйрөтүшүңөр керек. Биздин кыргыз тилин билбей жатканыбызга силер күнөөлүүсүңөр” дегенди адатка айландырып алышкан. Аларды биринчи болуп “киргиздер”, анан жакынкы алыстагы шовинисттер, сайда сандары жок НПОлор колдоп чыгышып, бийликти да ошого ишендире башташат. Кыргызстанда эгемендүүлүктөн бери мамлекеттик тилди үйрөтүүгө көп каражаттар бөлүндү, көптөгөн окуу куралдары, усулдук адабияттар чыгарылды жана чыгарылууда. Бирок, жыйынтыктары жокко эсе.  Анан алар мамлекеттик тил жөнүндө сөз козголсо, дагы баягыдай эле: “окуу куралдарыңар, усулдук китептериңер начар, ошон үчүн биз үйрөнө албай жатабыз” деген демагогияларын кайталай башташат. Россия, АКШда, Түштүк Кореяда сырттан баргандарга орус, англис, корей  тилдерин мамлекет үйрөтөбү? Жок! “Тилибизди билсеңер жашагыла, иштегиле. Болбосо төрт тарабыңар кыбыла” деп коюшат. Эгемендүү мамлекеттердин дээрлик баардыгында ошондой.

Мигранттар орус, англис тилдерисиз жашап, иштей албай турганын түшүнгөндөн кийин (жакында орус бийлиги орус тилин билүүгө болгон  талапты огобетер күчөттү)  эле  өздөрү ал жана башка тилдерди жанталашып үйрөнө башташат. Бизде андай муктаждык, зарылчылык болбогонунан жарамазандын аягына чыгалбай келатабыз. Эгерде ансыз мамлекеттик жана муниципалдык органдарда, ЖОЖдордо, мекеме уюмдарда иштей албай турганын билишсе, орус тилдүүлөр мамлекеттик тилди тез эле үйрөнүшмөк. Алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер “киргиздерге” салыштырганда мамлекеттик тилди тез эле үйрөнүп алып жатышпайбы.

Ошондуктан жөн эле бюджеттик каражаттарды талаага чачкандай болуп жаткан “мамлекеттик тилди үйрөтүү” дегенге каражат бөлгөндү кан буугандай токтотуп, “мамлекеттик тилди билгениңер иштегиле, билбесеңер биз күнөөлүү эмеспиз. Отуз жылдан ашык үйрөнгөнгө убакыт бердик, ушул убакытка чейин үйрөнбөсөңөр силерди эч ким зордобойт, калганын өзүңөрдөн көргүлө” деген саясатка өтүү керек. Мында адамдын укугун бузуу, чектөө деген эч нерсе жок. Орус  тилин билишпесе, ал өлкөнүн жараны болгон татар, башкырт, жакут, бурят, ингуш, чечендер  деле Россиянын мамлекеттик, муниципалдык органдарында иштей алышпайт.

Бизде мамлекеттик тил саясатын жүргүзө турган Президентке караштуу Улуттук тил комиссиясы бар, ал акыркы 4-5 жылдан бери иштебейт деле. Адатта ал жерге алдан күчтөн тайган, бирок бийликтегилерге реверанстары жагынан гана жагып калган абышкаларды алып барышат. Алары иш деле кылбай калды, алардын иштерин ЖК, айрым депутаттар аткара баштады. “Кыргызтесттин” башында мамлекеттик тилди өзү дурус билбеген байбиче отурат. Мамлекеттик катчы дегени тилекке каршы,  жыйын чогулуштарга баргандан башкага жарабаган “тойдук  генералдын” гана ролун аткарып калды. Анан кайдан мамлекеттик тилдин абалы жакшырат, чөйрөсү кеңейет?

Келечектеги кызыкчылыктан алып караганда, орус тилин мектептерде, ЖОЖдордо окутуу  акырындап азайтылып, англис тилин окутуу көбөйтүлүшү зарыл. Анткени, дүйнөнүн баары англисче сүйлөйт, билет. Кытайлар менен жапондор да англис тилин жакшы билишет. Жаштарыбыз англис тилин билишсе Россияга барып, такырбаштардын кордуктарын көрбөй эле дүйнөнүн цивилдүү, өз укуктары корголо турган  бурчтарына эмгек мигранты болуп кете беришет. Батышта эмгек ресурстары жылдан жылга азаюуда, алардын ордун Азиядан,  Африкадан чыккандар басып атат. Кыргыздар англис тилин билишсе, аларга атаандаш болушмак. 

Тилекке каршы, орус тилинин ареалы жылдан жылга ширидей тарып, инновациялык маанисин да жоготуп баратат. Азыр дүйнөдөгү инновациялык маалыматтардын, илимий-билимий булактардын 80 пайыздан ашыгы англис тилинде таркатылат. Андан кийинки орундарда немис, француз, испан ж.б. тилдери. Орус тилинин инновациялык ресурсу 1 пайыздын тегерегинде, ал да азаюуда. Биз канчалык урматтабайлы, жакшы көрбөйлү, орус тили инновациялык жактан Африкадагы бир чоң “банан мамлекетинин” тилинин деңгээлине түшүп калса, ага биз күнөөлүү  эмеспиз. Биз акырындап жаштарыбызга көбүрөөк пайдасы тийе турган  тилге артыкчылык бергенге өтүшүбүз керек. Мамдуманын кайсыл депутаты дагы эмне дейт деп отура берсек, жаштарыбыздын гана кендирлерин кесебиз.

Бийликтегилер мимикриялык эмес, ушундай прагматикалык тилдик саясат жүргүзүүлөрү керек. Мезгил ошону талап кылып жатат", - деди Дүйшөнбиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости