www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мунай кымбаттап, тартыштык жаралуу коркунучу күч

Жума күнү эртең менен мунайдын дүйнөлүк баасы кескин көтөрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Инвесторлор ОПЕК+ чечиминин жана Еврокомиссиянын башчысынын билдирүүсүнөн улам мунай тартыштыгы жаралышы мүмкүн экенин айтууда.

Москва убактысы боюнча саат 8:35ке карата Brent мунайынын июль айындагы фьючерстеринин баасы баррелине 111,54 долларга чейин, WTI үчүн июнь фьючерстери 0,55%га, 108,56 долларга чейин өсүүдө.

Баалардын оң динамикасы ОПЕК+ уюмунун мунай өндүрүүнү июнь айында пландалган суткасына 432 000 баррелге чейин көбөйтүү чечими менен шартталган, бул чийки заттын мүмкүн болуучу тартыштыгы боюнча кооптонууну жараткан.

Кошумчалай кетсек, баанын көтөрүлүшүн Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйендин санкциялардын жаңы алтынчы топтомунун алкагында орусиялык мунайга этап-этабы менен толук эмбарго киргизүү сунушу да колдоого алынган.

Уолл Стрит Journal басылмасы UOB аналитиктерине шилтеме жасап,  көңүл Евробиримдиктин орус мунайына алты айдын ичинде санкция киргизүү сунушунан улам келип чыккан камсыздоо маселелерине бурулушу мүмкүн экенин жазат.

Эске салсак, Орусия 1-апрелден тарта касташкан өлкөлөрдөн саткан газынын акысын рубль менен кабыл ала баштаган, бул доллар, евро менен эсептешүүдөн кетүү максатында жасалган. Президент Владимир Путин орусиялык валюта менен эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартууну Москва келишимдеги милдеттерди аткарбагандык деп тааный тургандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости