www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош: Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачык

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. "Бүгүн, 5-май күнү, жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында унаа жолу бир тараптуу ачылды. Жолдорду тазалоо иштерин улантууга №956 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-май түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырым аралыктарын сел суулары каптап, кум-шагылга толгон.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам Сузактын Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган.

Эске салсак, 3-майда Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 200гө жакын үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле көпүрөлөр жараксыз болуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары, Кара-Кулжа районундагы айрым аймактарда да сел жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости