www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан ок атуучу куралды сатууга аракет жасап жаткан аял кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 5-май күнү Башкармалыктын ЭММКАКты (экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы) тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын аймагында "Н" аттуу атуул белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында мыйзамсыз сактап жүргөндүгү белгилүү болгон.

Натыйжада ал адамдын өздүгү аныкталган. Ал иш чаралардын негизинде Ош шаарынын 1963-жылы туулган тургуну С. Н. экендиги жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Оперкызматкерлер тарабынан ал жогоруда айтылган белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды Ош шаарынын аймагында, өзү соода жасаган дүкөндө бекитип жүргөндүгү такталган.

Бул факт Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгүнүн белгилери менен Ош ШИИБине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын 1963-жылы туулган жашоочусу 1963-ж.т. С. Н. ок атуучу 5.6 мм калибрдеги "ТОЗ-16" үлгүсүндөгү сайлуу мылтыкты 90 миӊге баалап, сатып өткөрүп жаткан учурда кармалды. Кармалган аял ок атуучу курал маркум атасынан калгандыгын жана акча зарыл болгондуктан сатуу ниети пайда болгондугун билдирди.

Алынган ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, кылмыштын окуясынын жагдайларын толук, обьективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө жана курал ээси С.Н.дин бул кылмышка болгон катышын текшерүүгө багытталган ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөттө: алынган "ТОЗ-16" үлгүсүндөгү курал жана кармалган шектүү С.Н.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости