www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мунайдын баасы өсүүсүн улантып, Brent'тин бир баррели 104 доллардан сатылууда. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Лондондун ICE Futures биржасында Brent мунайы 2,68 долларга (2,65%) жогорулап, баррели 103,97 долларды түздү.

Нью-Йорк товардык биржасынын (NYMEX) электрондук соодасында WTI мунайы 2,59 долларга (2,71%) жогорулап, баррели 98,01 долларга жетти.

Өткөн аптада мунайлардын баасы 6%дан ашык төмөндөгөн болчу.

Saudi Aramco компаниясынын башкы директору Амин Насердин пикиринде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал бир нече жумадан ашык созулса, мунай рыногундагы азыркыдай абал 2027-жылга чейин сакталат.

Последние новости