www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чылпагын алам деп, көзүн оюп, чий көбүгүн алам деп, шорпонун майын алып алдык окшойт. Мындай пикирин журналист Мунара Алимжан кызы жазды.

"Көргөн күнүбүзгө, түшкөн абалыбызга ыйлагым келет...  Чылпагын алам деп, көзүн оюп, чий көбүгүн алам деп, шорпонун майын алып алдык окшойт. Эки күндөн бери чөөлөр беткаптарын чечип, чыныгы жүздөрүн көрсөтүп жатат. Ортодогу чагымчыл, журт бузарларга Кудай берип эле калды. Бир даары "оштук, сарттар" десе, бир даары "аркалык, коңколор" деп. Ынтымакка доо кетирип, бир элди бөлүп жарам деген МАНКУРТТАР, силерге айтар сөзүм жок. Тек гана Кудайга койдум! Айыл, район, шаар, облусттарда бийлик көксөп, көзү кызарып, араң турган көпөстөр мүмкүнчүлүк келе калганда өздөрүн саамга да кармай албай, саал жымсалдоого да шаасы келбей шашып, ОНдон бука моюн, жоон билек балдарын ээрчитип, качыра салып кирип барып креслону басып жыгылышты.

Илгертен кыргыздар бүткөн иштин бүтүмүн сыйлап, кыйын кырдаалда тизгинди бирөөгө ишеним менен карматып, калганы атын камчылап, артынан сүрөп турушчу. А азырчы? Азыр тизгин талашып, бутка чаап, өргө эмес, көргө тартып, МЕН ЭЛЕ болсом дейбиз. Атаңдын көрү-ү-ү дүнүйө... Бул акыбалыбызда, мындай пейил м.н МАНАСТЫ деле иштетпей коймок окшойбуз деп калдым. Ушул жерден Элмирбек Иманалиевдин "Манастар балким төрөлдү, манкурттар жүрөт өстүрбөй!..." деген саптары эске түшөт", деп жазган Мунара Алимжан кызы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости