www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17 жаштамын. Ата-энемен эрте ажырагам. Тайкем менен тажеңемдин колунда калдым. Кыздары жок, баары эркек. Эң улуу баласы мени 15 жашымда зордуктаган. Үйдөгүлөргө чындыкты айттым, ишенишпейт, кайра мени сабады тайжеңем. Бул үйдө эч ким адам катары көрбөйт, элден калган тамакты да ыраа кылбайт.

Мектепке бир күн барсам, 3 күн барбайм. Быйыл мектепти бүтөм. Жогорку окуу жайга да тапшыра албайм. Мындан ары жашоом кандай болот, кандай эркек алат? Ушундан корком. Ушуга чейин кулдай жашадым, мындан ары кандай болот, эмне кылсам болот? Катасыз жаза да албайм, курбу кызым эле түшүнөт. «Күйөөгө тийип кетейин» десем кыз эмесмин, «тийбей эле коёюн» десем, ушул күндөрүмдү улантып жашагым келбейт, эмне кылсам болот?

Мунара

 

Последние новости