www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда 39 вьетнам мигрантынын өлүмүнө айыпталган жети адамга карата сот өкүмү чыкты. Ишти 22-январда Лондондун жазык иштери боюнча сотунун судьясы Найжел Суини карады.

Ал сөөгү жүк ташуучу автомашинанын ичинен табылган мигрант эркектер, аялдар жана өспүрүмдөр кыйналып өлгөнүн белгилеп, соттолуучуларды 3 жылдан 27 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты. Алардын төртөөнө "адамдарды кокустуктан өлтүрүү”, ал эми үчөөнө “адам сатуунун кирешелүү схемасын түзүп алуу” деген айыптар тагылган.

2019-жылы Британияда 39 адамдын сөөгү жашырылган машина табылган. Кийин ал адамдар Бельгиядан жашыруун ташылып келе жаткан вьетнамдык мыйзамсыз мигранттар болгону аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости