www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңген мушкер Мунарбек Сейитбек уулу учурда үйлөнүү үлпөт тоюуна даярданып жүргөнүн айтты.

Ал жергиликтүү ютуб каналдардын бирине курган маегинде той ысырапкорчулуксуз, чакан эле болоорун билдирген.

«Тойго президентибиз айткандай ашыкча чыгым кылбайбыз. Кыздын үйүнө барып эле аны меникине алып келебиз. Анан досторума кичине чай берем жана бүттү», — деген мушкер.

Ал Париж Олимпиадасынан келген соң сүйүктүүсүнүн колун сураган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганы белгиленген.

Последние новости