www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент ТИМге неолибералдык баалуулуктарды таңуулаган мамлекеттердин тизмесин түзүүгө тапшырма берген.

Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын салттуу баалуулуктарын чет элдиктерди колдоо боюнча жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтар жарыяланчу расмий порталга жайгаштырылган.

Анда өз мамлекетиндеги деструктивдүү неолибералдык түзүмдөрдү таңуулаган саясатка макул болбой чыгып кеткен чет элдиктер жана жарандыгы жоктор Россияда убактылуу жашап турганга уруксат ала алышары айтылган. Муну менен катар эле РФ мыйзамдары менен орус тилин билерин тастыктап, тапшырган документтери жана өкмөт бекиткен квота эске алынбайт.

Президенттин 2022-жылдын 9-ноябрындагы жарлыгында Россиянын салттуу, руханий баалуулуктарына төмөнкүлөр кирери айтылган:

адамдын жашоосу, татыктуулугу, укугу жана эркиндиги;

мекенчилдик, атуулдук, мекенге кызмат өтөө жана анын тагдыры үчүн жоопкерчилик алуу;

бекем үй-бүлө жана нравалык бийик идеялар;

жаратман эмгек, материалдык эмес рухий байлыкка артыкчылык берүү, гумандуулук, боорукердик;

адилеттүүлүк, коллективизм, өз ара жардамдашуу, өз ара сый-урмат;

тарыхый эстеликтер, аны муундан-муунга өткөрүп берүү, Россия элдеринин биримдиги.

Путин, мындан сырткары, ТИМге неолибералдык баалуулуктарды таңуулаган мамлекеттердин тизмесин түзүүгө тапшырма берген. Аны өкмөт бекитет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости