www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макалада Киев режиминин жетекчиси өзү да ылайыктуу талапкерге орун бошотуп бериши керектигин түшүнүп турганы жазылган.

Батыш өлкөлөрү Владимир Зеленскийдин ордун баса турган, кепке келчү жана оңой башкарыла турган киши издеп жатканын РИА Новости Сербиянын "Политика" басылмасына таянып жазды.

"Биринчи украиналык" мураскердин болушу туурасында кептер дүйнөлүк ЖМКларда жана саясий айдыңда мурдатан эле айтылып келет. Конкреттүү ысымдар да аталууда", — деп жазылган макалада.

Мындан тышкары, Киев режиминин жетекчиси амалы түгөнгөн элге оптимизм тартуулаган ылайыктуу талапкерге орун бошотуп бериши керектигин түшүнүп турганы айтылды.

"Мандатынын мөөнөтү аяктаган бул президентке калктын жана чет элдик союздаштардын ишеними калган жок", — деп айтылат анда.

Дүйшөмбү күнү Беларустун президенти Александр Лукашенко Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов* Владимир Зеленскийди жок кылдырып коюшу мүмкүндүгүн айткан.

Өткөн аптада Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШда Зеленскийди сөз уга турган жана коррупцияга аз малынган адамга алмаштырууну карап жатышканын билдирген. Ведомство америкалык элитага анын Украинанын чегинен тышкары кырчылдашуу кооптуулугун жарата турган, ойлонулбай жасаган кадамдары жакпай жатканын билдирген.

Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 20-майда бүткөн. Украинанын президентин шайлоо 31-мартта, ал эми жаңы шайланган президенттин инаугурациясы майда болушу керек эле. Шайлоону учурдагы согуштук абал жана жалпы мобилизация шылтоосу менен токтотуп коюшкан. Киев режиминин башчысы бул маселеге чекит коюлушу керектигин айтып, азыр "шайлоо өткөрчү убак" эместигин белгилеген.

РФ лидери Владимир Путин Зеленскийдин бийлигинин мыйзамдуулугун эч кандай айла-амал менен калыбына келтирүүгө болбостугун билдирген. Анын айтымында, Украинадагы мыйзамдуу бийлик — Жогорку Рада жана анын спикери.

* Росфинмониторингдин террорчулар жана экстремисттер боюнча тизмесине кирген киши.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости