www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына тажик чек арачылары Лейлек районунда Кыргызстандын аймагы аркылуу эркин өтүп жаткандыгы тууралуу пост жарыялаган.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы ЖМКларга Гүлжигит Исаков тараткан маалымат чындыкка коошпой тургандыгын билдирди.

“12-апрелде, саат 15:10до, Тажикстан Республикасынын чек арачылары чек ара өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусунан кайтып келишкен. Анда COVID-19дун жайылышына каршы туруу маселелерин талкуулоо пландаштырылган. Бирок, объективдүү себептерден улам, иш-чара 14-апрелге жылдырылды. Тажик аскерлери куралсыз болушкан. Мамлекеттик чек аранын тегерегиндеги кырдаал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости