www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо конушунда киши колдуу болгон баланын өлүмүнө шектелген бир тууган агасы тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Шектүүнүн баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда тандалып, аны эки айга №1 тергөө абагына киргизүү чечими чыккан.
Эске салсак, 17-мартта Мурас-Ордо конушунда 13 жашар бала киши колдуу болгон. Туугандарынын айтымында, бала талма оорусунан жабыркачу. Каргашалуу күнү ата-энеси ишке кетип, үйдө 17 жаштагы бир тууган агасы калган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, бир туугандар айтыша кетип, агасы инисине бычак сайып жиберген.
Булак: NazarNews.kg