www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Мурас» турак жай комплексине барып, долбоордун үчүнчү этабынын курулуш иштери жана алардын сапаты менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө ага курулуштун жүрүшү, аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу кеңири маалымат берилди. Каныбек Туманбаев курулуш аянтчасын кыдырып чыгып, аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык курулуш нормалары жана талаптары так сакталууга тийиш экенин белгиледи. Жыйынтыгында ал жооптуу кызматкерлерге курулуштун сапатын катуу көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле бүгүнкү күндө аймакты көрктөндүрүү жана инфраструктура каралган. Унааларды токтотуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлардан тышкары 1200 орундуу көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу каралган.
Мындан тышкары, турак жай комплексинин аймагында мектеп жана бала бакча объектилерди куруу каралган. Жалпысынан долбоор тургундар үчүн ыңгайлуу жана бардык зарыл шарттары каралган заманбап жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Белгилеп кетсек, «Мурас» турак жай комплексинде жалпысынан 39 блок, анда 4754 батир бар.
Буга чейин турак жай комплексинин алкагында 19 блок пайдаланууга берилген. Биринчи этапта 986 батир, ал эми экинчи этапта 1080 батир пайдаланууга берилген.
Ал эми үчүнчү этаптын алкагында 8 блоктон турган 1104 батир пайдаланууга берүү пландалууда.