www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов президент Садыр Жапаров саммит учурунда абдан туура маселе көтөрдү деп эсептейт.

“ЖККУ реформа болуш керек. Мисалы НАТОнун уставын кабыл алып, мындай маселелерди чечүү зарыл. ЖККУнун кагаз жүзүндөгү ишинен улам Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык уюмдар тоготпой жатпайбы. "Эгер уюмга мүчө мамлекеттер бири-бирине кол салса, башка мүчө мамлекеттер сөзсүз кийлигишүүсү зарыл" деп жазыш керек.

Бул айрыкча кыргыз-тажик мамилесинде абдан зарыл. Бирок реформага акча керек, Орусия башка өлкөлөрдү дагы акча салгыла деп жатат. Алар акча кошпогондуктан Орусия өз талаптарын коюп жатпайбы”, - дейт ал. 

Кошумчалай кетсек, ЖККУнун саммити бул жолу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кадимки шартта өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус чыккандан кийин саммитке видео байланыш аркылуу катышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости