www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен дайыма өнөктөштөрдү алмаштыруунун кереги жок деген жыйынтыкка келем. Бул тууралуу Бишкекте “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Астана саммиттеринин жыйынтыгы. Кыргызстандын интеграциялык процесстердеги ролу» аталышындагы тегерек столдо Коргоо министринин экс-биринчи орун басары, профессор Мурат Бейшенов билдирди. Анын айтымында, биздин тарыхый өнөктөштөр - Орусия менен Казакстан.

«Азыр көптөр Түркия көчмөндөр оюндарын өткөрүп, эстеликтерди ачып Кыргызстанга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтышууда. Мен «бизге түрк жээгинин кереги жок» деген ураанды айткым келбейт, бирок мен дайыма айтып жүргөндөй, сырттан келген аскердик жардам, ал Америкадан, Кытайдан, Түркиядан болобу бул -  жөн гана техника. Ал эми негизги компонент бул - согуштук экипаждар жана аскердик даярдык болуп саналат, ал бардык техникалык каражаттардан кымбат турат. Ошол эле Байрактарды башкара ала турган кадрларды даярдоо, бизге учкучсуз учактардын өзүнөн да кымбатка турду. Ошондуктан жаңы техникаларды алаарда, биринчи кезекте кадрларды даярдоону ойлонуш керек. 

Мен дайыма өнөктөштөрдү алмаштыруунун кереги жок деген жыйынтыкка келем. Биздин тарыхый өнөктөштөрүбүз бар, алар Орусия менен Казакстан. Бизде аскердик техниканын 95% советтик техникалар, оңдоочу жайлар Орусияда жайгашкан. Азыр Россия Федерациясынын жардамы менен Балыкчыга абдан жакшы зооттолгон техникаларды оңдоочу завод ачтык. Эгерде 3-5 жылдын ичинде биз колубузда болгондун бардыгын оңдосок, анда биз өзүбүздү зарыл сандагы агрегаттар менен толук камсыз кыла алабыз. Эксперттик маалыматтарга караганда, Кыргыз республикасы аскердик камсыздануу боюнча 95-орунда турат, бирок менин оюмча бул маанилүү эмес. Ошто, Балыкчыдагы техникаларды оңдоо керек, алардын абалы жакшы, али эскире элек. Колубуздагыны кайра жандандырып, жаңысын акырындап өздөштүрүү керек. Албетте, согушка даярдануу керек, бирок ошол эле учурда дипломатиялык жолдорду издеш керек, айрыкча тажиктер менен, анткени согушту кыргыз да, тажик экономикасы да көтөрө албайт. Ал эми дипломатиялык ыкмалар жетишсиз болсо, анда башка жолдорду издеп, дипломатиялык рычагдарды толук масштабда колдонуу керек», - деди Мурат Бейшенов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости