www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда Термез шаарынын мурдагы акими Исроил Худойбердиев баштаган алты аткаминер кармалды. Бул тууралуу Газета.uz сайты Сурхандарыя облустук прокуратурасына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалган аткаминерлердин арасында мурдагы акимден тышкары анын эки орун басары жана шаардын башкы архитектору бар. Прокуратуранын өкүлү тергөөнүн сырына таянып, аткаминерлер кайсы иш боюнча айыпталып жатканын айткан жок.

Газета.uz сайты кабарлагандай, аткаминерлерге "Кызматтык шалаакылык" жана "Акча кымырып алуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Өз булактын айтымында, аткаминерлер "Яшил дунё" соода комплексине курулуш дүкөнүн салуу үчүн ишкерлер төлөгөн 14,8 миллиард сумду (1,3 миллион доллар) мыйзамсыз короткон деп айыпталууда.

Исроил Худойбердиев Термез шаарынын акими кызматында 2017-жылдын февралынан 2022-жылдын сентябрына чейин иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости