www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жакын арада орусиялык жана украиналык кесиптештери Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен «телефон дипломатиясын» жүргүзө турганын айтты. 

Эрдогандын айтымында, орус президенти учурда мурдагыга караганда сүйлөшүүлөргө ачык. Мындан тышкары түркиялык саясатчы Украина аймагынан айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча дан келишимин кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди.

Эрдоган сүйлөшүүлөрдү кайсы мөөнөткө белгилегени азырынча тактала элек.

19-октябрда түрк лидери украиналык кесиптешине өлкөдөгү жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү вариантын да сунуштаган. Эрдогандын айтымында, Зеленский Анкарадан Путинге ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарында өткөн референдумдар маселеси боюнча таасир этүүнү суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости