www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык РЭТтин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык электр тармактары ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүдө Ош шаардык электр тармактары ишканасынын кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштар боюнча расмий документтерге билип туруп жалган маалымат киргизүү менен 2020-2021-жылдар аралыгында электр жабдуулары жана материалдык каражаттар негизсиз чыгымдалып, ишенип берилген каражаттарды өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн пайдаланышканы аныкталды.

Анын кесепетинен мамлекетке 1 млн 372 миң 476 сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы шаардык РЭТтин жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости