www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен ОИИБинин начальниги Мурат Бороновго Ак үйдөн генерал-майор наамын бергени жатыптыр. Бул боюнча ишенимдүү булагыбыз билдирди. Таңгаласың. Кайсы эмгеги үчүн? Көрсө, кызыгың түшкүрдүн суу кечпеген бир логикасы ойноп кетиптир.
Эгерде Бороновдун чин-даражасы көтөрүлсө, тажиктердин генералдары менен теңата сүйлөшүп, чек ара маселесин чечкенге салым кошот имиш. Ушу кантип болсун? Чобурга бапестеп жабуу жапканды элестетип кеттиңерби?
Эрксизден баш чайкайсың да. Милиция ичинде Мурат Боронов билими, тажрыйбасы начар, ортозаар кызматкер катары бааланат. Убагында Төрөбай Зулпукаров жердешчиликке салуу менен гана көтөрүп койгон. Анан калтасын толтуруп алыптыр, ошонун артынан эле сакталып келатат.
Ал Баткенге барганы көзгө көрүнүктүү иш жасаган жок. Айдама, эптеп гана жүрөт. Эгерде татыксыздарга генерал наамын тарата берсек, ИИМдин баркы тебеленип, күлкүгө калабыз го?
Андан көрө Баткен ОИИБинин начальнигине толгон генералдардын бирин тандап жөнөтсө не? Же элдин элегинен өткөн, ишбилги полковникти дайындап, мына ошого генерал-майорду бергиле! Андай кадрлар ИИМде бар.
Булак: Азия News гезити