www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 30-мартында КР УКМК тарабынан өзүн КР УКМКнын кызматкери жана төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып элдин ишенимине кирип алып мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген, Эрматов Осмонали Абдулхашимович аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын январь айында аталган адам Суранов Равшан аттуу Тажикистан Республикасынын жараны аркылуу Сарыбаев Жангазы Алибаевичтин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Жана ошондой эле Эрматов О.А. КР УКМКнын Борбордук аппаратында иштегенин, анын иш бөлмөсү КР УКМК төрагасынын иш бөлмөсүнө жакын жайгашкандыгын билдирген.
Бул факты боюнча О.А. Эрматовго карата 2022-жылдын 30-мартында КР УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg