www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөрдүн Кыргызстанга толук өтүшүнө кубанбаган кыргыз - кыргыз эмес», - деди бүгүн, 3-августта, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев.
- Мурат аба, кумтөрдү мамлекеттин энчисине алдык деп бир канча адам кубанып жүрөт. Бирок, бул кадамыбыз менен утулдук деп баш чайкагандар да бар. Сиздин пикириңизде уттукпу же утулдукпу?
- Калп айткан менен болобу Кумтөр үчүн далай «баш айрылып көз чыккан». Эл, жер цианидге ууланып, далай Жети-Өгүздүк жигиттер бейкүнөө камалып да келишти. Канадалыктар акча менен чоңдорубуздун көзүн байлап коюп байлыгыбызды каалагандай калчап тоноп келишкен.
Акчага алданган арам тамактар алтыныбызды алып, экологиябызды, жерибизди талкалап, ууланган таштандыларды жырткычтык менен жерибизге көмүп жатканын көрүп турса да көрмөксөн болуп келишкен. Бул таза маңкурттук да!
Сокурдун тилегени эки көз дегендей биздин тилек да ошол эмес беле. Ал жерде алтындан башка да кендерди алып кетип жатышат, экологияны талкалап бүттү деп ач кыйкырык салып жүргөндөр бүгүн кайра унчукпай төөчөсүнөн артына сийип калгандарына таң калам. Бир сөз менен айтканда азыркы Кумтөрдүн Кыргызстанга толук өтүшүнө кубанбаган кыргыз - кыргыз эмес!
Ал эми капталдан ажылдамыш бөлүп жаткан канчык кандектердин үргөндөрүнө көңүл буруп отурчу мезгил эмес, биз алдыга өнүгүү жолубуздан калбай кете беришибиз керек!
Булак: NazarNews.kg