www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) Баатыры наамы ыйгарылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Сыйлыкты ЛЭРдин жетекчиси Леонид Пасечник тапшырды. Кадыровго республиканы бошотууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз Чечен Республикасынын элине украин фашисттери менен тирешүүдө бизге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазыбыз», - деп баса белгиледи Пасечник.

Саясатчы кошумчалагандай, азыр ЛЭРдин бардык тургундары Чеченстандын «Ахмат» бөлүкчөлөрүнүн согушкерлери тууралуу билишет.

Kp.ru сайты мурда жазгандай, Рамзан Кадыров Луганск элдик республикасы (ЛЭР) бошотулгандан кийин аймакка кайтып келген «Ахмат» атайын багыттагы бөлүгүнүн командирлери жана жоокерлери менен жолугушканын билдирди.

Буга чейин Кадыров Чеченстандан Украинага аскерий атайын операцияга катышуу үчүн ыктыярчыларды жөнөтүү тууралуу бир нече жолу айткан. Мындан тышкары, Чечен Республикасынын башчысы «Биз резервбиз» патриоттук акциясына кошулган жүз миңдеген жаштар тууралуу маалымат берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости