www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Москвага "тизгинин" тартчуу кишисин гана чакырды. Мындай пикирди коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев билдирди. 

--"Путин чакырабы, чакырбайбы, биздин ишибиз канча?
Негизи саясатта чекилешкен тараптан, "тизгинин" тартчуу кишисин гана чакырат", - дейт Жетимишбаев. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуу Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москва шаарына чакырылган эмес.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 9-майда Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө үчүн бул дата юбилейлик эмес болгондуктан, чет мамлекеттерден келген конокторго атайын чакыруулар жиберилген эмес деп билдирген.

Бүгүн, 8-майда Россия президенти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон Москвада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулай турганы айтылган. Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары сууну пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелери боюнча байма-бай чатакташып келишет.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын чек аралары азыркыга чейин тактала элек.

Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу Тажикстандын Кыргызстанга карата агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартууну талап кылышууда.

Ал эми президент Садыр Жапаров чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын Баткенде Маргун айылынын тургундары менен жолугушууда билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости