www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мураталы Керимбаев: Өндүрүш болсо, өнүгүү болот!

Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондору табигый ресурстарга, эмгекчил элге жана өзгөчө айыл чарба потенциалына бай аймактар. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу үчүн, кайра иштетүүчү өнөр жайын жана логистиканы бириктирген жаңы моделге өтүү зарыл. Мына ушул багыттарды жүзөгө ашыруу учурдун талабы экенин Мураталы Керимбаев өз программасына киргизген. 

Алсак, кайра иштетүү өнөр жайын жандандыруу жана заманбап логистикалык инфраструктураны түзүү боюнча Мураталы мырза эл менен жолугушууларында төмөндөгү маселелерге токтолду: 

- Айыл чарбасы аймак экономикасынын негизи болуп эсептелет.  Кайра иштетүү өнөр жайы болсо айыл чарбасынын кыймылдаткыч күчү. Демек, аймакатын мөмө-жемишин, жаңгак, эт-сүт багыттарын кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканаларды түзүү зарыл. Кайнатылган мөмө, кургатылган жемиш, эт-сүт азыктары, жаңгак негизиндеги экспорттук продукция катары дүйнөлүк базарга сунуштай ала турган реалдуу товарлар. Биз Өкмөткө аймактарды өнүктүрүүгө ылайыктуу долборлорду сунуштап, бул багытты жолго коёбуз, - деп билдирди. 

Ырасында, эгер жергиликтүү чийки затты ошол эле жерден кайра иштетүү жайлары жолго коюлса, жаңы жумуш орундар ачылат, айыл чарба өндүрүүчүлөрү туруктуу сатып алуучуларга ээ болот, аймактык дыйкандардын кирешеси өсөт.

Ал эми логистикалык борборлорду куруу аркылуу өндүрүш менен дүйнөлүк базарды бириктирүүгө болот. Себеби, продукция өндүрүү жетишсиз. Аны сактоо, сорттоо, сертификаттоо жана керектүү рынокторго жеткирүү да маанилүү. Аймактарда логистикалык борборлордун жоктугу фермерлер үчүн чоң тоскоолдук болуп келген. Андыктан заманбап логистикалык борборлорду куруу аркылуу, продукциянын сапатын сактоо жана экспортко даярдоого шарт түзүлөт. Дыйкандардын чыгымы азаят. 

Мындай борборлор, регионду өлкө ичиндеги гана эмес, Борбор Азия жана жакынкы Россия, Кытай сыяктуу өнөктөш мамлекеттер менен туташтырган маанилүү экономикалык түйүнгө айлантат.

Мураталы Керимбаев – 15-округ, бюллетенде № 1

Татыктуу тандоо!

Колдоп добуш бериңиздер! 

Буйрутма КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 15 көп мандаттуу Аксы шайлоо округунан талапкер

Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин шайлоо фондунан каржыланды.

Буйрутма №: 01

Нуска: 5 даана

Последние новости