www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймактарында туризмди өнүктүрүү экономикадагы эң келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Жаратылышы жагынан уникалдуу өрөөндөр, тоолор, көлдөр, өлкөнүн бренди жана жергиликтүү элдин негизги киреше булагына айлана ала турган байлык. Айрыкча Аксы, Чаткал жана Ала-Бука өңдүү райондордун табияты дүйнөлүк деңгээлде таанылууга татыктуу. Бул туурасында Жогорку Кеңешке талапкер Мураталы Керимбаев эл менен жолугушууларында баса белгиледи.
Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорун камтыган 15-округдун туризм багатында кандай иштер аткарылышы керектиги туурасында талапкер Мураталы Керимбаев өз сөзүндө:
- Бүгүн аймактарды өнүктүрүүдө жаңы муундун көз карашы, илим-билимге таянган чечимдер жана таза башкаруу маданияты өзгөчө мааниге ээ. Коом аймактык стратегияны жаңыча кабыл алган, жоопкерчиликтүү жана ачык иштөөгө даяр лидерлерге муктаж. Келчекте Аксынын, Ала-Буканын, Чаткалынын кооз табиятын дүйнөгө таанытабыз! Келечекте, “Сары-Челек – Падыша-Ата – Чаткал” – дүйнө таанып-билген брендге айланат. Биз дал ушундай амбициялуу пландын үстүндө иштейбиз! Сууну, жерди, токойду коргоо ар бирибиздин милдетибизге айланат. Экологиялык фонд түзүп, элдик долбоорлорду колдойбуз. Келечегибиз үчүн, экологиясы таза Кыргызстанды куралы!, - деп билдирди.
Ал үчүн төмөндөгү иштерди аткаруу зарылдыгына токтолду:
Инфраструктураны жакшыртуу
• ички жана сырткы туристтер үчүн жолдорду жаңылоо;
• маршруттук белгилерди, маалымат такталарын орнотуу;
• коопсуздук пункттарын күчөтүү.
Тейлөөгө шарт түзүү
• кичи мейманканалар, конок үйлөрү, кемпингдерди ачуу;
• туристтик маалымат борборлорун уюштуруу;
• жергиликтүү ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү механизмин түзүү.
Кадрларды даярдоо
• гиддер, тейлөөчү адистер үчүн окутуу программалары;
• туристтик маданият боюнча билим берүү;
• жаштарга туризм тармагында стажировкаларды сунуштоо.
Эгер бул кадамдар ырааттуу ишке ашса, “Сары-Челек – Падыша-Ата – Чаткал” аймагы өлкөнүн гана эмес, Борбор Азиянын эң таанымал туристтик маршрутуна айлана алат.
Ырасында, адилеттүүлүк жана ачыктыкты жактаган Мураталы мырзанын аймактын кызыкчылыгын коргоо үчүн, парламентте демилгелерди сунуштап, элдин чыныгы көйгөйлөрүн көтөр ала турган даремети бар. Себеби жоопкерчилик анын бирден-бир негизги сапаттарынын бири десек жарашат.
Мураталы Керимбаев – 15-округ, бюллетенде № 1 Татыктуу тандоо!
Колдоп добуш бериңиздер!
Буйрутма КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 15 көп мандаттуу Аксы шайлоо округунан талапкер Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин шайлоо фондунан каржыланды.
Буйрутма №: 01
Нуска: 4 даана