www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеңешбек Мурзакматов «Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун жаңы орун басары болуп 2020-жылдын декабрынан бери аркалап келген Кубатбек Камбаралиевдин ордуна келгени айтылат.

Ачык булактардан маалыматтарга караганда, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин жаңы орун басары Мурзакматов 2011-жылы ЖЭБдин директорунун орун басары болуп турган. Кийинчерээк ал алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен эки жолу УКМК тарабынан кармалган.

Мурзакматов биринчи жолу 2012-жылы электр эсептегичтерин жеткирүү боюнча тендердик операцияларда коррупциялык схеманы уюштурган жана «Чыгыш электр» ААКнын бюджетинен 2 миллион сом акча каражатын чыгарып кеткен деген шек менен кармалган.

Ошол эле жылы «Селара» фронттук ишканасы аркылуу НЭСК трансформаторлорун кымбаттатып саткан деп айыпталган. Анда мамлекеттик ишканага келтирилген зыян 2,5 миллион сомго бааланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости