www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венгриянын улуттук чогулушу Финляндиянын НАТОго кируу жөнүндөгү маселени көпчүлүк добуш менен жактырды. Финляндиянын Түндүк Атлантика альянсына кошулушуна 182 депутат добуш берсе, 6 депутат каршы добуш берди, деп жазат Euronews.
Ошону менен бирге Венгриянын парламенти башкаруучу ФИДЕС фракциясынын демилгеси боюнча Швециянын НАТОго кирүү жөнүндөгү маселени талкуулоону кийинкиге калтырды.
«Биз финляндиялык өнөктөштөрүбүз, ошондой эле НАТОго мүчө мамлекеттер менен бирдей баалуулуктарды жетекчиликке алуу менен бирге иштешебиз. Финляндиянын кошулушу НАТОнун коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, өзгөчө түндүк чек аралардагы коопсуздук милдеттерине байланыштуу чоң салым болуп саналат», - деди ФИДЕСтин депутаты Барна Пал Цсигмонд.
Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызын Түркия гана ратификациялай элек. Түрк парламентинин тышкы иштер комитети өткөн бейшембиде Хельсинкинин арызын жактырды. Анкара азырынча Стокгольмдун арызына бөгөт коюп, террорчу деп эсептеген күрт активисттерин жана төңкөрүшкө тиешеси бар деп шектелген адамдарды экстрадициялоону талап кылууда, деп жазат басылма.
Булак: NazarNews.kg