www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда соттолгон жаран кайрадан социалдык тармакта Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун материалдарын таратканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Таркатылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып анын корутундусунда коомго таркатылган материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги белгилүү болгон.

Шектүү Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, шектүү 2019-жылы Кылмыш жаза кодексинин 315-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо таратуу фактысы) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Последние новости