www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде аскер кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Коргоо министрлигине караштуу Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары 2024-жылдын июнь айынан 2025-жылдын февраль айына чейинки аралыкта аскер бөлүктүн өздүк курамы үчүн багытталган эт азыктары толук көлөмдө алып келбестен, бир бөлүгүн системалуу түрдө акчалай алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 2 млн 500 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адам тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.