www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдаган каналды аныктап, кылмышка шектүү катары Пакистандын жараны кармалганын кабарлады.
Маалыматта анын 14 мекендешинин ишенимине кирип тиешелүү документтердин баарын берүүнү убадалаганы айтылат.
"Шектүү 17 жылдан бери Кыргызстанда жашап келген, бул абалын ал өлкөдө тиешелүү байланыштары бар экенин жана мекендештерине электрондук виза (E-Visa) бере аларын ырастоо үчүн колдонуп, жабырлануучулардан 1 миллион сомдон ашуун акча алган", — деп жазылган билдирүүдө.
Факт боюнча 18-март күнү кылмыш иши козголуп, 379 ("Документтерди жасалмалоо") жана 209-беренелердин ("Алдамчылык") негизинде шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар тараптарды жана ушул сыяктуу учурларды аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды.