www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн ысып, кайра жаан жааганына байланыштуу Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абаддын айрым айылдарын суу каптап, куткаруучулар иштеп жатканын ӨКМ билдирди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Кан-Теңир айыл аймагынын Советское айылында каналдан суу ташып, турак үйлөрдүн короолорун каптаганы айтылат. Куткаруучулар эки техника менен иштеген.
Жалал-Абаддын Чаткал районуна караган Жаңы-Базар, Айгыр-Жал жана Курулуш айылдарында сел суулары жолдорду жана короолорду каптаган. Жерине сегиз куткаруучу, техникалар жана жергиликтүү тургундардан 53 адам тартылып, суу каналдары тазаланууда.
Чүй облусунун Жайыл районунда Суусамыр айыл аймагына караштуу Кайсар айылында кокту-колоттогу карлар эрип, көпүрөдөн ташып, жолду каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине беш куткаруучу, эки мотопомпа, бир трактор тартылган. Муздар талкаланып, суунун нугу бурулуп, кырдаал жөнгө салынганы айтылды.
Ал эми Ибраимов айыл аймагынын Арпа-Тектир айылында суу жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап, ыкчам топ, бир экскаватор жана бир трактор, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында бир турак үйдүн короо-жайын суу каптаган. Жерине 14 куткаруучу, бир грейдер, бир жүктөгүч, экскаватор тартылган.
Унаа каттамдары ачык, зыян келтирилген эмес.
Иш бүгүн да уланары айтылды.