www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын мурунку Тышкы иштер министри Леонид Кожар ишкер Сергей Страцкийдин өлүмүнө катыштыгы бар болушу мүмкүн. Бул тууралу OBOZREVATEL басылмасына өздүк булагы билдирди.
Басылманын өздүк булагынын айтымында, айрым белгилерге караганда Кожардын киши өлтүрүүгө катыштыгы бар. Атап айтканда, Старицкийдин денесинен өзү өзү атканга көрсөткөн белгилер жок. Ошондой эле, тапанча маркумдун колуна кыстарылган. Ал жыгылып баратканда тапанча колунан түшүп калыш керек болчу.
Мындан сырткары, Кожардын канында 0,8 промилл алкоголу табылган. Булактын божомолуна таянсак, үйдүн ээси өзү атайылап же кокусунан атып алышы мүмкүн. Кийин коркуп, андан шек санабоо үчүн тапанчаны колуна кыстарып койгон.
Буга чейин мурунку министр бир нече жолу үйүнүн коросунда мас абалында ок чыгарганы маалым.
Булак: NazarNews.kg