www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базары тараптагы "Берекет" базарында чыккан өрт тууралуу таңга маал төрткө чукул маалымат келип түшкөн.

Мекеменин маалымат катчысы Элмира Шерипованын “Азаттыкка” кабарлашынча, өрттү өчүрүүгө жалпысынан 14 техника тартылды. Тилсиз жоонун себептери жана жабыркагандар боюнча маалымат жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн себеби жана келтирилген чыгымы такталууда.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында үчүнчү ири өрт кырсыгы катталды. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен, деп жазат Азаттык.

Ошондой эле, Бишкектеги Ош базар менен Жалал-Абадтын борбордук базарынын бир түндө өрттөлүшү ар кандай ойду жаратат. Дегенибиз буга чейин Ош базары эки жолу өрттүн түтүндө калса, бүгүнкү болуп өткөн үчүнчү өрт кырсыгы “атайын уюшулуп жаткан жокпу?”

Мүмкүн, болуп өткөн мурдагы өрт кырсыгынан күнөөлүүнү таппаган “лохтор” менен "карасанатайлар" ойноп жатабы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости