www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин эжеси Турдукан Бакиева кечээ, 10-июнда 76 жашта узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.
Белгилей кетсек, Турдукан Бакиева 1942-жылы Сузак районундагы Тейит айылында туулган. 1960-жылы Барпы орто мектебинен аяктагандан кийин, 1966-жылы Бишкектеги медициналык институттун бүтүрүп, алгачкы эмгек жолун Ош шаарынын дарылоо тармагында врач-педиатр болуп иштөөдөн баштаган.
1967-жылы Өзгөн шаарында врач-педиатр болуп кызматка дайындалган, 1969-жылы Жалал-Абад шаарында врач-педиатр,
1971-жылы аталган ооруканада поликлиниканын бөлүм башчысы,
1974-жылы балдар ооруканасынын башкы дарыгердин орун басарлык кызматында,
1980-жылы балдар саноториясында башкы дарыгер кызматын аркалаган. Турдукан Бакиева, иштеген жылдары өзүнүн жакшы жактарын көргөзүү менен жогорку категориядагы адис катары жумушта өзүнүн ордун мыкты тааныта алган. Балдар саноториясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, дарылоонун жана ооруларга көргөзүлүп жаткан медициналык сапатын жакшыртууда бир топ иштерди аткарган.
1980-83-жж 9 айдын ичинде 3 кабаттуу имаратты ички жана сырткы бассейини менен дене тарбия, физотерапия, балдардын тишин дарылоочу, фитобар, функционалдык дарылоо бөлмөсүн ачкан. Ошол эле жылдары котельный, мончо, жашылча-жемиштерди сактоочу кампа, 200 орундуу балдарга тамак-аш бышыруучу жана ашкана салынган. 1982-жылы жылытуу системасын газ жана ток менен ысытууга өткөргөн.
1985-жылдары жогорку категориядагы балдардын кардиоревматолог врачы болуп эмгектенсе, балдарды дарылоодо билим алуусу төмөндөп кетпеш үчүн, 1986-жылы саноториянын аймагына кичикомплективдүү мектеп ачкан.
1987-жылы көп жылдар бою саламаттыкты сактоодо, Жалал-Абад областын калкына дарылоо жана кабыл алган социалисттик милдеттенмелерди аткарууда жогорку көрсөткүчөргө жетишкендиги жана коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн “Ардак Грамота”,
1989-жылы социалисттик мамлекеттик - бардык калктын саламаттыгын сактоо жана ар дайым жакшыртуу камкордугун өзүнө алган активдүүлүгү үчүн Кыргыз ССРнын “Ардак Грамотасы”,
1995-жылы Пекин шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк аялдар конгрессинин катышуучусу,
1997-жылы Саламаттыкты сактоого сиңирген эмгеги үчүн “КР Ардак Грамотасы” менен сыйланган,
2000-жылы КР саламаттыкты сактоо жагындагы сиңирген эмгеги үчүн “КР эмгек Сиңирген врачы”, Саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн “Ардак Грамота”, Жаш балдардын ден-соолугун чыңдоодо мыкты салым кошкондугу үчүн “Ардак Грамота”,
2001-жылы ден соолугу начар балдарга кам көрүп, “Бакыт” борборун үзгүлтүксүз иштеткендиги үчүн “Жылдын Мыкты мээрбан аялзаты” деген наамдын ээси,
2002-жылы Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу”,
2008-жылы Республикалык “Сапат” сынагында дипломдун ж.б бир нече сыйлыктардын ээси болгон.
Төш белгилери:
1992-жылы СССРдин саламаттыкты сактоонун отличниги,
1997-жылы Саламатттыкты сактоодо сиңирген эмгеги үчүн Ардак Грамота,
2000-жылы Республиканын саламаттыкты сактоо жатындагы сиңирген эмгеги үчүн “КР эмгек сиңирген врачы”,
2001-жылы “Мыкты мээрбан аялзат”,
2002-жылы Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгисинин ээси,
2010-жылы КР саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Даңк” төш белгиси менен сыйланган.
Булак: NazarNews.kg