www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-августта Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы биринчи вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттон кабарлашты.

Ренат Макенов 6-июлда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Аны менен чогуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынган.

УКМК билдиргендей, Ренат Макенов Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары менен кошо Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналууда.

Бишкек шаардык прокуратурасы баш калаада үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон. Кийин бул ишке 303-беренени (“Коррупция”) кошкон. Учурда тергөө уланууда.

Ренат Макенов былтыр август айында Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости